Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:13

ЖАК: Акмат Бакиевдин качканы жаап-жашырылган эмес


Жаза аткаруу кызматы Акмат Бакиевдин качып кетишинде мекеменин кызматкерлеринин күнөсү жоктугун билдирүүдө. Кызматтын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарованын “Азаттыкка” кабарлашынча, аталган мекеме Бакиевдин качканын жаап жашырган эмес. Мыйзам боюнча жатак абагына чыгарылган адам үч күн аралыгында каалаган жерине барууга мүмкүнчүлүгү бар. Акмат Бакиев 3-мартта ордунда жок болуп чыккандан кийин, Жаза аткаруу кызматы үч күнгө чейин, башкача айтканда 6-мартка чейин күткөн. Андан кийин гана коомчулукка жарыялаган.

Бүгүн Башкы прокуратура Акмат Бакиевдин качышы боюнча эки кылмыш иши козголгонун, алардын бири Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлерине тиешелүү экендигин билдирди. (ZB/KKs)

XS
SM
MD
LG