Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Премьер Акмат Бакиев жаткан абактын башчысын иштен алууну буйруду


Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов Акмат Бакиев жаткан №35 жатак абактын башчысы Илимбек Самсалиевди кызматтан четтенүүнү буйруду. Шалаакы мамилеси үчүн Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери жоопко тартылышы зарылдыгын белгиледи. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, Бакиевдин качышы боюнча өткөн бүгүнкү жыйында премьер күч түзүмдөрүнө Акмат Бакиевди тез арада кармоо тапшырмасын берди. Мындан тышкары Бакиевдин качышына түрмөчүлөрдүн канчалык тиешеси бар экенин аныктоо максатын иликтөө жүргүзүүгө чакырды.

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз борбору болсо Акмат Бакиевдин качышына түрмөчүлөрдүн күнөөсү жоктугун, ал соттун чечими менен жатак абагына которулганын билдирүүдө. Маалыматка ылайык, жатак абагындагыларга күзөт коюлбашы керек.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Акмат Бакиев 3-марттан бери кайда экени белгисиз. (KKs

XS
SM
MD
LG