Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:48

Орусия БУУнун Сирия боюнча резолюциясынын жаңы долбооруна каршы чыкты


Өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Геннадий Гатиловдун айтымында, резолюция долбоору “тең салмактуу эмес” жана кыянатчылыктарды токтотууга бир эле учурда өкмөттү да, козголоңчуларды да чакырбайт. Сириядагы кан төгүүнү токтотууну максат кылган резолюциянын жаңы долбоорун Батыш өлкөлөрү колдоодо.

Сирия режиминин узактан берки өнөгү Орусия жана Кытай буга чейин Коопсуздук кеңешине сунушталган эки резолюцияга вето салышкан.

Бул аралыкта Сирия оппозициясынын лидерлеринин бири –Сирия Улуттук кеңешинин төрагасы Бурхан Галиоун президент Башар Асад менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн четке какты.

Мунун алдында БУУнун мурдагы башкатчысы, Улуттар уюму менен Араб лигасынын Сирия боюнча чабарманы өкмөттү жана оппозицияны диалогго үндөгөн болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG