Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:43

Греция жеке кредитолор менен мунасага жетишти


Карыз боюнча милдеттемени өзгөртүүнү караган бул макулдашуу Грецияны жок дегенде азыр банкроттуктан сактайт. Карызга баткан өлкөнүн каржы министрлигинин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, келишимдин шарттарына Грециянын насыя алуу үчүн чыгарылган өкмөттүк баалуу кагазы – бонддорун кармап тургандардын 85,8% макул болду.

Евробиримдик менен Эл аралык валюта корунан 130 миллиард евро насыяны алыш үчүн Греция кредиторлорунун кеминде 75 пайызын көндүрүрүүсү керек болчу. Жетишилген макулдашуу Грециянын жеке кредиторлорго болгон карызынын жарымы кечилет дегенди билдирет.

Башкача айтканда баалуу кагаздардын азыр 206 миллиард евро келген наркы 50% ашуунга төмөндөтүлөт. Жеке кредиторлорду көндүрүүсү үчүн Грецияга берилген мөөнөт кечээ кечинде аяктаган.

Эгер мунаса табылбаса, Греция эки жума ичинде дефолт болмок. Евробиримдиктин экономика маселелери боюнча комиссары Олли Рейн ал жетишилген макулдашууга “абдан канааттанганын” белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG