Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:35

Македония улуттук негиздеги кыянатчылыктардын жаңы толкунун айыптады


Улут аралык мамилелердин абалын македон парламентинин комитети 9-мартта талкуулады.
Улут аралык мамилелердин абалын македон парламентинин комитети 9-мартта талкуулады.
Мурда Югославиянын курамында турган бул республиканын ички иштер министри Гордана Янкуловсканын бүгүн парламентте айтканына караганда, министрлик өлкөдөгү “саясий фракциялардын баарын” македондор менен албандардын соңку кагылыштарынан кийинки чыңалган абалды жумшартууда жардам берүүгө чакырат.

Бийликтердин айтымында, ушул шаршембиде түндө жаштардын тобу автобустарга таш ыргытып, жүргүнчүлөрдү бейсбол ойноочу таяктар менен сабоосунан кеминде 10 адам жаракат алган.

ЕККУнун Скопьедеги өкүлчүлүгү улут аралык мамиле өтө сезимтал маселе экендигин жана соңку кыянатчылыктар “кабыл алынгыстыгын” белгиледи.

Этникалык албандар Македониянын эки миллион келген калкынын төрттөн бир бөлүгүн түзөт.(UE)

XS
SM
MD
LG