Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

БУУнун өкүлү Аннан Сирияда кан төгүүлөрдү токтотууну президент Асад менен сүйлөшөт


Кофи Аннан
Кофи Аннан
Бириккен улуттар уюмунун Сирия боюнча атайын өкүлү Кофи Аннан бүгүн Сириянын президенти Башар ал-Асад менен өлкөдө бир жылдан бери уланып жаткан кан төгүүлөрдү кантип токтотууну сүйлөшмөкчү. Ал арада Арап лигасынын тышкы иштер министрлери Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Каирде жолугушаары күтүлүүдө.
Кечээ АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Сириянын режимин дале колдоп жаткан өлкөлөрдүн бири Орусияга кайрылып, кризисти жөнгө салууда конструктивдүү роль ойноого чакырды. Клинтон, андан сырткары, Сириянын армиясына да кайрылып, өз элине ок атпоого үндөдү. Ал арада Хомс жана Идлиб шаарларында акыркы чабуулдарда кеминде 54 адам өлгөнү айтылууда.

XS
SM
MD
LG