Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:53

Газада Израилдин ракета чабуулдарынан өлгөндөрдүн саны 12 адамга жетти


Догдурлар жаракат алган дагы 20 адам бар дешет. Өлгөндөрдүн көбү – Палестинадагы түрдүү куралчан топтордун өкүлдөрү. Алардын арасында “Улуттук каршылык комитети” деген топтун лидери Зухейр ал-Кеси да бар.
Израилдин аскерий жетекчилигинин билдирүүсүндө айтылгандай, өлгөндөр Израилге каршы жаңы ракета чабуулдарын даярдап жүрүшкөн. Соңку чабуулдар жакында Газадан Израилдин түштүгүнө атылган ракетага жооп иретинде жасалганын айтышты. Израилге урулган ал соккудан төрт адам жаракат алган болчу.

XS
SM
MD
LG