Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:51

Орусияда бүгүн оппозициянын нааразылык демонстрациялары өтөт


Москвадагы митингдин алдынан коопсуздук чаралары күчөтүлдү
Москвадагы митингдин алдынан коопсуздук чаралары күчөтүлдү
Негизги митинг Москвада “Жаңы Арбат” көчөсүндө болоору күтүлүүдө. Ага оппозиция 50 миңдей адам келет деп жатат. Борбор калаадагы митингде оппозициянын лидерлери, журналисттер, блоггерлер, активисттер сүйлөп, 4-мартта президенттик шайлоодо көргөн мыйзам бузуулар жөнүндө айтып беришмекчи. Азыр Жаңы Арбат көчөсүнүн эки тарабына тең милиция темир тосмо коюп, машинелердин токтошуна уруксат бербей жатат.

Ушул өңдүү демонстрациялар бир топ башка шаарларда да өтмөкчү. Санкт-Петербургда бийликтер жыйынга уруксат беришпесе да, адамдар Невский проспектине чогулушаарын айтышууда. Нижний Новгород, Екатеринбург, Уфа шаарларында да бийликтер уруксат бербеген жыйындар болоору айтылды. Буга чейин 5-мартта болгон уруксатсыз митингдерде полиция жүздөгөн адамды кармаган эле. Новосибирск жана айрым башка шаарларда бийликтер чогулууларга уруксат беришти. “Таза шайлоо үчүн” деген ураан астындагы митинг бүгүн Нью-Йоркто да болоору кабарланууда.

XS
SM
MD
LG