Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

ИИМдин бир катар кызматкерлерине кылмыш иши козголот


Мындай маалыматты ички иштер министри Зарылбек Рысалиев бүгүн МАИ кызматкерлеринин жыйынында айтып чыкты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр ИИМдин уюшма кылмыштуулук жана коррупцияга каршы башкармалыгына атайын тапшырма берип, коррупцияга аралашкан бир нече кызматкерди жазалоону буйруган.

Кылмыш иши козголо турган кызматкерлер арасында ички иштер башкармалыгынын башчылары да бар экенин маалымат кызматынан тастыкташты. (BkA)

XS
SM
MD
LG