Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:17

11-мартка карата аба ырайы


Аба ырайын маалымдоочу борбордон билдиришкендей, 12-мартка чейин жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу автожолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Кар күрткүсү пайда болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо сунушталат.

Аба ырайы:

11-Мартта айрым жерлерде жаан-чачын күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7 градус суук, күндүз 3…8 градус жылуу;
Талас облусунда түнкүсүн -2…-7 градус, күндүз 2…7 градус;
Баткенде түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9 градус;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9 градус;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5 градус;
Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз 0…-5 градус;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -21…-26, күндүз -8…-13 градус;
Тоолордо түнкүсүн -23…-28, күндүз -7…-12 градус суук болот.

Бишкек шаарында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6 градус суук, күндүз 3…5 градус жылуу болот. (BkA)

XS
SM
MD
LG