Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:36

Москвада бир нече миң адам оппозициянын демонстрациясына чыкты


Москванын борборундагы Жаңы Арбат көчөсүндөгү митинг, 10-март, 2012
Москванын борборундагы Жаңы Арбат көчөсүндөгү митинг, 10-март, 2012
Москвада “Жаңы Арбат” көчөсүндө оппозициянын лидерлери жана тарапкерлери “Таза шайлоо үчүн” деген ураандын астында митингге чогулушту. Ага, ар кайсыл булактардын маалыматына караганда, 10 миңден 30 миңге чейин адам катышты. Митинг үч саатка созулганы айтылууда.

Негизги лидерлерден Владимир Рыжков, Григорий Явлинский, Сергей Митрохин жакында өткөн шайлоолордун жыйынтыгын жокко чыгарып, өлкөдө жаңы парламенттик жана президенттик шайлоолорду өткөрүүнү талап кылышты.
“Азаттыктын” Москвадагы кабарчысы Том Балмфорд суук аба-ырайына карабай, күн чыгып турганын, көчөдө полиция көп болгонун билдирди.

"Мен Жаңы Арбат көчөсүндө полициянын 19 автобусун жана вагонун санай алдым. Асманда бир тик учак жүрөт, ал да полицияныкы болсо керек. Анткени башка тик учактарга шаардын үстүндө учканга мүмкүн эмес", - деди митинг жүрүп турган чакта биздин кабарчыбыз Балмфорд.

Ушул өңдүү демонстрациялар бүгүн өлкөнүн бир топ башка шаарларда да өтүп жатат. Петербургда 40, Нижний Новгороддо 40 оппозиционерди кармашканы айтылды. Москвада да активист Сергей Удальцов жана анын бир нече колдоочусун полиция уруксат берилбеген жүрүшкө чыгууга аракет кылган деп кармады.

XS
SM
MD
LG