Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Кофи Аннан Сирияда кан төгүүнү токтотууну президент Асад менен талкуулады


Кофи Аннан
Кофи Аннан
Бүгүн Бириккен улуттар уюмунун Сирия боюнча атайын өкүлү Кофи Аннан бул өлкөдө бир жылдан бери уланып жаткан зордук-зобунду токтотуу боюнча Сириянын президенти Башар ал-Асад менен сүйлөштү. Мамлекеттик "Сана" маалымат агенттиги кабарлагандай, Асад жолугушууда анын өкмөтү “зомбулукту токтотуу үчүн” чын дилден аракет көрүүгө даяр экенин, бирок мунаса келүүгө “куралчан террористтер” алакыт болуп жатышканын айтты.

Каирде болсо Арап лигасынын тышкы иштер министрлери менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Сирия боюнча жолугушуусу чыңалган абалда өткөнү кабарланууда. Лавров Сирия боюнча Орусиянын позициясын жактаганга аракет кылып, бирок анын өлкөсү “Асаддын режимин коргоп жаткан жери жок” деп билдирди.

Буга чейин Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин Сирия боюнча резолюциясын Орусия менен Кытай жактырбай коюшкан. Ал арада бүгүн Идлиб шаарында өкмөттүк аскерлер 12 адамды атып өлтүрүшкөнүн оппозиция кабарлады.

XS
SM
MD
LG