Улуттар уюмунун атайын өкүлү Кофи Аннан Дамаскта кечээ президент Башар ал-Асад менен сүйлөшкөндө, Асад оппозицияны “куралчан террористтердин тобу” деп атап, алар өлкөдө былык иштерин уланта берсе, эч кандай саясий диалогго барбай турганын айткан. Асаддын айткандарын Сириядагы “Сана” мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлаган эле.
Кофи Аннан – Бириккен улуттар уюмунун мурдагы башкы катчысы - сүйлөшүүлөрдүн алгачкы күнүндө эч кандай билдирүүлөрдү жасаган эмес, бүгүн сүйлөшүү дагы улантылат. Ал азыр мүмкүн болушунча атышууларды эртерээк токтото туруп, чабуулдар болгон жерлерге гуманитардык миссияны киргизүүгө жетишүүгө аракет кылып жатат.
Бириккен улуттар уюмунун билдирүүсүндө айтылгандай, кечээги сүйлөшүүлөрдөн кийин Аннан бул мамлекеттеги кырдаал боюнча “терең тынчсыздануусун” билдирди.