Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Орусияда оппозиция келерки демонстрациясын майда өткөрүшү мүмкүн


Москванын Жаңы Арбат көчөсүндөгү митинг, 10-март, 2010
Москванын Жаңы Арбат көчөсүндөгү митинг, 10-март, 2010
4-марттагы шайлоодо жеңген Владимир Путиндин инаугурациясы 7-майга белгиленген. Оппозиция ал шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылууда. Кечээ Москвада жана өлкөнүн бир топ башка шаарларында “Таза шайлоо үчүн!” деген ураан астында демонстрациялар өтүп, ондогон адамдар кармалган.

Москвадагы митингде айрымдар келерки демонстрацияны 1-майда өткөрөлү дешсе, башка лидерлер ант берүү күнү – 7-майда – чогулууга чакырышты. Кечээ Москвада активист Сергей Удальцов менен бир нече адам “полицияга баш ийбеди” деп кармалышкан. Адамдарды бошотуп, Удальцовду 15 суткага камашы мүмкүн экени айтылды. Нижний Новгороддо кармалгандардын соту бүгүн өтүшү керек.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG