Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

Президент Обама ооган президенти Карзайга көңүл айтты


АКШ президенти Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар провинциясында бир америкалык аскердин аткылоосунан мерт болгон 15 жайкын тургундун өлүмүнө байланыштуу президент Хамид Карзайга телефон аркылуу көңүл айтты. Бул трагедиялуу окуя тез аранын ичинде иликтенe турганын Барак Обама баса белгиледи. Кечээ Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар провинциясында бир америкалык аскер куралсыз жайкын тургундарга ок чыгарып, натыйжада 15 адам көз жумду. НАТОнун билдирүүсүндө болсо “бул окуяга байланышы бар бир аскер кармалганы” айтылат. Айрым кабарларга караганда, ал ишембиде өз алдынча аскерий базадан чыгып кеткен экен. Кийин кайра келгенде кармалган. Ооганстандын президенти Хамид Карзай бул окуяны “алдын ала даярдалган” деп сындап, НАТОнун түшүндүрмө берүүсүн талап кылды.

XS
SM
MD
LG