Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:14

Президент Ахмадинежад: Израилдин соккусунан коркпойбуз


Иран президенти Махмуд Ахмадинежад анын өлкөсү Израилдин ядролук жайларына сокку уруусунан эч кандай коркпой турганын жарыялады. Ал мындай билдирүүнү Израил премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун “Иранга сокку урушубуз ыктымал” деп кайра-кайра эскерткенинен улам, кечээ жекшемби күнү жарыя кылды. Иран ядролук программасында эч кандай аскерий шектүү нерсе жок экенин айтып, эл аралык инспекторлорду бир катар объекттерге киргизүүдөн баш тартып келет. Батыш өлкөлөрү бул боюнча Иранга катуу санкцияларды киргизген. Ошондой эле алар ядролук проблеманы дипломатиялык жол аркылуу чечилет го деген үмүтүн билдирип келишет.

XS
SM
MD
LG