Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:19

Саркози Франция Шенген аймагынан чыгаaрын айтып коркутту


Франциянын президенти Николя Саркози Шенген келишиминдеги өлкөлөр мыйзамсыз иммиграцияга каршы чечкиндүү чараларды кабыл албаса – бул чөлкөмдөн Франция баш тартаарын билдирди. “Европада миграциялык көзөмөлдү күчөтүү боюнча чечкиндүү реформа керек”, - деди ал Парижде шайлоочулар менен жолугушуп жатып. Эгер мен президент болуп кайрадан шайланып калсам, Шенген келишиминен Францияны чыгарам деди Саркози. Ошондой эле ал жакынкы жылдары мигранттардын санын эки эсеге азайтам деп убада берди. Францияда президенттик шайлоо алдында азыр иммиграция маселеси башкы тема болууда. Иликтөөлөргө караганда, 22 апрелде өтчү президенттик шайлоодо социалисттердин талапкери Франсуа Олланданын рейтинги Саркозиге караганда алда канча жогору болууда.

XS
SM
MD
LG