Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Бишкек: Онкология борборуна Жапониядан жардам келди


Бүгүн Бишкекте Онкология улуттук борборуна жапон өкмөтү жөнөткөн баасы 100 миң доллардан ашык медициналык жабдуу тапшырылат. Аталган долбоор “Чөп тамыры жана адам коопсуздугу” деген программанын алкагында ишке ашууда.

Кыргызстандагы Жапониянын элчилигинин билдиришинче, аталган программа 1996-жылдан бери уланып жатат. Бул убакыт аралыгында коомдук жана мамлекеттик органдарда, медицина, билим берүү тармагында 4 миллион долларлык 83 долбоор ишке ашты. (EBM)

XS
SM
MD
LG