Бишкекте “Ак кеме” мейманканасында бүгүн аялдар укугун коргоону жакшыртуу, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту азайтуу боюнча талкуу өтөт. Анда ала качуу, сексуалдык зомбулук, адам аткезчилигине байланыштуу азыркы кырдаалга сереп салынат. Мыйзамдар талкууланат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.
Акыйкатчы институтунун маалыматына ылайык, кызды эркинен тыш ала качуу Кыргызстандын Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында күч алган. Өлкөдө жылына 15 миңден ашуун кыз ала качуу болот жана мындай жол менен үй-бүлө кургандардын теңинен көбүнүн оту күйүшпөй ажырашып кетет. Былтыр ондой кыз ала качууга көнбөй өз жанын кыйган. (EBM)