Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:58

Түгөлбай Сыдыкбековдун 100 жылдыгы белгиленет


Быйыл Кыргызстанда залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун 100 жылдыгы белгиленет. Мааракени уюштуруу үчүн өкмөт атайын комитет түздү. Аны вице-премьер-министр Гүлнара Асымбекова жетектейт. Уюштуруу комитетине Маданият жана туризм министрлиги менен Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясы да жетекчилик кылат. Кыргыз Республикасынын Баатыры, СССР мамлекеттик премиясынын лауреаты, залкар жазуучу, коомдук ишмер Түгөлбай Сыдыкбеков 1912-жылы Түп районунун Кең-Суу айылында туулган. «Күрөш» деген алгачкы жыйнагы 1933-жылы жарык көргөн. Жазуучу атактуу “Биздин замандын кишилери”, “Зайыптар”, “Тоо балдары”, “Тоо арасында”, “Көк асаба” романдарынын автору. Сыдыкбеков «Манас» эпосун изилдөөгө жана басып чыгарууга көрүнүктүү салым кошкон. Орус классиктеринин чыгармаларын кыргызчага которгон. (RK)

XS
SM
MD
LG