Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:41

Кайвэн: Темир жол боюнча сүйлөшүү ийгиликтүү жүрүп жатат


Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу боюнча эки тараптуу сүйлөшүү ийгиликтүү жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Абдырахман Маматалиев менен жолугушууда Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ван Кайвэн айтты. Парламенттин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, энергетика тармагында кызматташтык боюнча да маселелер талкууланды. Элчинин айтымында, Кыргызстанда Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр чубалгысын куруу боюнча кытайлык компания менен макулдашууга жетишилди, бул ири долбоор көп каражат талап кылгандыктан, кыргыз өкмөтүнүн кепилдиги керек.

Үч өлкөнү байланыштырган темир жолун куруу долбоору тууралуу сөздөр соңку 10-12 жылдан бери айтылып келет. Ал эми Датка-Кемин чубалгысы курулса, Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугу жана көз каранды эместиги камсыз болоорун адистер айтышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG