Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:07

Асаддын режими “кандуу булоон” уюштурганы айтылууда


Сирия оппозициясы Башар Асаддын режими Хомс провинциясындагы “кызыл кыргында” 50гө жакын адамды өлтүргөнүн, алардын көпчүлүгү аялдар менен балдар экенин билдирди. Хомс - Ассаддын башкаруусуна каршы былтыр башталган козголуштун очогу саналат. Сириянын өкмөттүк маалымат булактары кандуу булоонду коопсуздук күчтөрүн каралоону көздөгөн “куралдуу террорчу топтор” уюштурганын айтышууда. Өлкө ичинде кабарчыларга катуу чектөө киргизилгендиктен бул маалыматты көз карандысыз булактар тастыкташа албайт.

Улуттар Уюмунун эсебинче, бир жыл мурда Сирияда анти-өкмөттүк чыгуулар башталгандан берки калабаларда 7, 5 миңден ашык адамдын каны төгүлдү.

XS
SM
MD
LG