Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:04

Жарандык көзөмөлчүлөр Байкоочу кеңеш курамы боюнча сунушун айтышты


Жарандык көзөмөл комитети Коомдук телерадионун Байкоочу кеңешинин курамына сунушталып жаткан айрым талапкерлерди колдоого чакырды. Тизмеде тележурналистикада, публицистикада аты таанымал болуп калган 10 журналист, менеджер бар. Жарандык көзөмөл комитетине жүздөн ашуун уюм кирет. Анын максаты - маалымат алуу укугун камсыз кылуу жана бийликтин үстүнөн жарандык көзөмөл орнотуу. Байкоочу кеңеш 15 адамдан турат. Бешөөнү президент, дагы бешин парламент, калганын жарандык коом сунуштайт. Улуттук телерадио корпорациясы 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин коомдук каналга айланган. 2010-жылы 3 жылдык мөөнөткө дайындалган Байкоочу кеңеш жаңы мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу тарады. Бүгүн Жогорку Кеңештин Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинде Байкоочу кеңешке талапкерлерди тандоо маселеси талкууланат. (RK)

XS
SM
MD
LG