Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:42

Кулмамбетов: Ала качуу Союз убагында күч алган


"Айкын багыт" коомдук фондунун бул жолку сурамжылоосуна режиссер жана драматург Жаныш Кулмамбетов катышты. Анын пикиринде, ала качуу – бул жапайылык.

Кыргыздын тарыхында кыз ала качкандарды жазалашкан, себеби бул салт бузгандык менен барабар көрүнүш катары кабыл алынчу. Бирок совет доорунда мындай көз караш феодализмдин калдыгы катары бааланып, ала качуу күч алган. Советтер Союзу өзү зомбулуктан жаралган.”, - дейт Кулмамбетов.

Кыргыздын атактуу мырзаларынын арасында кыз ала качуу тууралуу пикирин билиш үчүн сурамжылоону "Айкын багыт" фонду жүргүзүп жатат. Фонд ала качуунун курмандыгы болуп өз өмүрүн өзү кыйган, зомбулукка кабылган кыргызстандык кыз-келиндер боюнча маалымат чогултат. Бул маалымат фонддун жетекчиси Мунара Бекназаровадан алынды.

Буга чейинки сурамжылоого белгилүү кинорежиссер Нурбек Эген, саясат талдоочу Табылды Акеров катышкан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG