Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:13

Түркмөн президенти үч күндүк визит менен Украинага келди


Түркмөн газын сатып алуу Киевдеги сүйлөшүүдөгү негизги маселе болот. Гурбангулы Бердимухаммедов жана президент Виктор Янукович эки өлкө аралык кызматташууну жакшыртуу боюнча бир катар келишимдерге да кол коюшат.

Украина азыр Россияга 1 миң куб метр газ үчүн 416 доллар төлөйт. Украин тарап Түркмөнстандан 1 миң куб метр газды орточо 200 долларга сатып алабыз деген үмүттө. Азыр Украинага газды Россия аркылуу гана ташуу мүмкүн.
Бердимухаммедов соңку он жылда Украинага келген биринчи түркмөн лидери.

XS
SM
MD
LG