Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Айылдагы суу чорголорунун 70 пайызы жараксыз


Кыргызстандын айылдарындагы суу түтүк системасынын 70 пайызы эскилиги жеткендиктен жараксыз абалда. Бул тууралуу бүгүн Курулуш жана аймак өнүктүрүү агенттигинен кабарлашты. Айылдардагы суу чорголор өткөн кылымдын 60-жылдарында орнотулган. Айыл тургундарын таза суу менен камсыз кылуу үчүн кыргыз өкмөтү 2000-жылы Азия өнүгүү банкынан жана Дүйнөлүк банктан 69,5 миллион доллар алган. 524 айылда суу түтүктөр, чорголор жаңыртылган. Кийин дагы кошумча 40 миллион доллар алынып, 148 айылда оңдоо иштери жүрүп жатат. Жаңы системанын иштеши боюнча көптөгөн нааразылыктар айтыла баштагандыктан 15-марттан тарта жаңы түтүктөрдүн, чорголордун талапка жооп берүүсү боюнча текшерүү жүргүзүлө баштайт. Жыйынтыгы 1-майга чейин чыгарылып, өкмөткө жиберилет. Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 1 792 айыл бар, аларда жашаган калктын жалпы саны - 3,1 миллион киши. (RK)

XS
SM
MD
LG