Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:40

ИИМ: Жасалма документ менен мамлекеттен жардам алган факт аныкталды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Кадамжай районундагы айыл өкмөттөрүнүн биринин айрым кызматкерлери жасалма документ менен мамлекеттен акчалай жардам алуу фактына тиешеси бар деп шектелүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен бүгүн кабарлашты. 2011-жылдын июл жана август айларында болгон жер титирөөдө жапа чеккендердин тизмесине жасалма документтер аркылуу киргизилген бир кишиге мамлекеттен 50 миң сомдук компенсация берилген. Баткен облустук милициясы бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, тергей баштады. (RK)

XS
SM
MD
LG