Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Расмуссен кандуу окуядан улам оогандарга көңүл айтты


НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен америкалык жоокер 16 ооганды атып салганына терең кайгырып, маркумдардын жакындарына көңүл айтты. Расмуссендин дүйшөмбү күнкү билдирүүсүндө окуяны иликтөөнү колдоору жана НАТО Ооганстанды туруктуу жана күчтүү өлкөгө айлантуу үчүн Ооган жетекчилиги менен иштешүүнү токтотпосу белгиленет.

НАТО башындагы эл аралык бейпилдик күчтөрү - ISAFтин өкүлү америкалык аскердин оогандарды кырганына байланыштуу өкүнүчүн билдирди. "Кечээ Кандагар провинциясында болгон кан төгүүнү эшитип, нес болуп кайгырдык. ISAF курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруусун жана өкүнүчүн билдирет. Биз Ооганстандын бардык асылзат элин окуя тез иликтенет деп ишендиребиз,"-деди Карстен Якобсон Кабылдагы пресс-конференцияда.

Талиптер бул окуяга байланыштуу өч аларын эскерткенден улам Ооганстандагы НАТОнун аскерлери кыраакылыгын күчөттү.

XS
SM
MD
LG