Сирия оппозициясы кечээ Стамбулда маалымат жыйынын өткөрүп, Батыш жана Араб өлкөлөрүнүн аскерий күчү сириялык карапайым жарандарды бийликтин кыргынынан сактоосу зарылдыгын айтты. Ошондой эле оппозиция Сирияда аскердик авиациянын эркин учуусуна жана согуш жүрүп жаткан аймактарга гуманитардык жардам жеткирүүгө коридор ачууну талап кылды. Кечээ БУУнун Коопсуздук кеңеши дагы Сириядагы кырдаалды талкуулап баштады. БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун президент Асадды согушту токтотуу боюнча сунуштарды кабыл алууга үндөдү.
БУУнун гуманитардык миссиясынын жетекчиси Валерий Амос:
- Сирия элине жардам керек. Алар кадимки турмушка кирүүсү үчүн бейпилдик, коопсуздук жана туруктуулук каалайт. Биз жаңжалды басып, зордук-зомбулукту токтотуу үчүн колдон келгендин баарын жасашыбыз керек, - деп айтты Валери Амос Нью-Йоркто журналисттерге.