Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:00

АКШ: 17 сенатор Пентагонду «Рособоронэкспорт» менен кызматташпоого чакырды


Сенаторлор орусиялык «Рособоронэкспорт» мамлекеттик компаниясы Сирия бийлигине курал ташып жатканына байланыштуу АКШнын коргоо министрлигин аталган компания менен кызматташууну чукул арада токтотууга үндөдү. Сенаторлордун Пентагондун башчысы Леон Панеттага жолдогон катында белгиленгендей, АКШ “Сириядагы карапайым жарандардын массалык өлтүрүлүшүнө түздөн-түз себепкер болбошу керек”. Каттын авторлору өткөн жылы Орусия Сирияга 1 млрд. долларлык курал-жарак сатканын, ушул жылдын башында да Москва менен Дамаск Сирияга 36 ок атуучу ракета жеткирүү боюнча келишим түзүшкөнүн белгилешти.

XS
SM
MD
LG