Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:54

Сот Токмокто добуштардын кайра саналышын колдогон жок


Токмок шаардык соту добуштарды кайра саноо боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарды. Комиссиянын төрайымы Элмира Жакыпованын “Азаттыкка” билдиришинче, соттун чечими менен добуштар кайра саналбай турган болду. Бирок комиссия мүчөлөрү Жогорку Сотко кайрылууну көздөөдө.

4-мартта жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоодо жетиштүү добуш топтой албай калган партия, уюмдар Токмокто удаа митингдерди өткөрүп, добуштардын кайра саналышын, шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылышын талап кылышкан. Натыйжада аймактык шайлоо комиссиясы добуштарды кайра кароого макул болгон. Комиссиянын бул чечимине шайлоодо алдыга чыккан “Республика” партиясы макул болбой, сотко кайрылган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG