Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:03

АКШнын Коргоо министри Кыргызстанга келе жатат


Бүгүн АКШнын коргоо министри Леон Паннета Кыргызстанга келет. Бул маалыматты “Манас” аба майданындагы АКШнын транзиттик жүк ташуучу борборунун басма сөз кызматы “Азаттыкка” тастыктады. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы болсо Леон Паннета Ооганстанга бара жатканын, ал бүгүн Бишкекке келерин, Кыргызстандагы жолугушууларынын тизмеси такталып жатканын “Азаттыкка” билдирди.

Президенттин басма сөз катчысы Кадыр Токтогуловдун “Азаттыкка” кабарлашынча, АКШнын коргоо министри Кыргызстандын коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Таабалдиев, коргоо министри Таалайбек Өмүралиев менен бүгүн кечинде жолугушаары күтүлүүдө. Кадыр Токтогулов кыргыз президенти Леон Панетта менен жолугушпайт деп белгиледи. Транзиттик жүк ташуучу борбордун басма сөз кызматы Леон Паннетта эртең Кыргызстандан учуп кетерин айтты.

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев АКШнын аба базасын чыгаруу демилгесин буга чейин бир нече ирээт көтөргөн. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги бул маселе эки өлкө ортосундагы келишим бүткөндөн кийин, сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечилерин билдирген. Жакында Улуу Британиянын коргоо министри да Кыргызстанга келип, Ооганстандагы аскерий күчтөрүн Кыргызстан аркылуу чыгаруу сунушун айткан болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG