Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

Аксы окуясынын он жылдыгы Ошто да белгиленет


Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ал күнү Аксы окуясына 10 жыл толгондуктан, эскерүү иш-чараларын өткөрүүгө гана уруксат берилет. Шаардык аянтта митинг-реквием уюштурулат. Мындай токтомго шаар башчысы Мелис Мырзакматов кечээ кол койгон. Эскерүү күнүндө Ош шаардык милициясы тарабынан жол коопсуздугу жана коомдук коопсуздук көзөмөлгө алынат. 2002-жылдын 17-мартында Аксыда болгон окуяда 6 адам каза болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG