Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:32

“Улуттар биримдиги” шайлоо жыйынтыгын бурмалабоого чакырды


Оштогу 4-марттагы шайлоодо алдыга чыккан “Улуттар биримдиги” партиясы шаардык кеңештин депутаттарынын көпчүлүгүнө ээ болушу керектигин билдирүүдө. Партиянын өкүлү Шайлообек Атазовдун бүгүн Оштогу маалымат жыйынында билдиришинче, “Улуттар биримдиги” шайлоочулардын көпчүлүк добушун алгандыктан кеңештеги 45 депутаттык орундун 23үнө ээ болушу абзел. Мындан улам партия өкүлдөрү шайлоонун расмий жыйынтыгы чыкканда мандаттардын саны азайса, мөөнөтсүз нааразылык акциясына чыгарын эскертүүдө. Буга чейин Оштогу аймактык шайлоо комиссиясы “Улуттар биримдиги” 21 депутаттык мандатка ээ болоорун билдирген. (ErN/KKs)

XS
SM
MD
LG