Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Ооганстан: делегация aтылып, аскер окко учту


Америкалык аскер 16 карапайым тургунду атып салган аймактагы эки айылдын бирине келген делегацияга согушкерлер ок ачканда дагы эки киши, анын ичинде өкмөт өкүлү жараат алды. Делегациянын курамындагы президент Хамид Карзайдын эки бир туугандары жапа чеккен эмес шекилдүү. Анын аралыгында чыгыштагы Жалал-Абад шаарында америкалык аскердин ок атканына нааразы болгон студенттер «Америкага өлүм!» деп ураан чакырышты. Демонстранттардын бири Далулла Ханс Ройтерс агенттигине буларды билдирди:

Биз чет элдик аскерлер менен эч кандай стратегиялык шериктештикти каалабайбыз. Оогандар көз карандысыз эл, биз өз алдыбызча жашап, кайсы бир өлкөнүн оторчулугунда болгубуз келбейт.

XS
SM
MD
LG