Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Тажик бийликтери электрдин баасын көбөйтөт


Тажик бийликтери апрел айынан баштап электр кубатынын баасын 20 пайызга көтөрүү планын жарыялады. Мамлекеттик Барки Тожик энергетика ишканасынын билдиришинче, мындан тышкары электр кубаты менен камсыздоо мурдагыдан да азайтылат.

Бул планды оппозициядагы Исламдык Кайра жаралуу партиясы дароо сындап чыкты. Тажикстанда бүгүн электр жарыгы күнүгө беш-алты саатка гана берилет.

Бийликтер бул убакыт эми кээ бир аймактарда 3-4 саатка кыскартылаарын айтууда. Өкмөт өз чечимин өлкөдөгү эң ири Суу-электр бекети жайгашкан Нурак дайрасындагы суунун кескин азайып кетиши менен түшүндүрдү.

XS
SM
MD
LG