Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

Ош: “Улуттар биримдиги” партиясы аянтка эл топтойт


Бүгүн Ош шаарында “Улуттар биримдиги” партиясынын тарапкерлери борбордук аянтта нааразылык акцияга чогулат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган партиянын өкүлү Шайлообек Атазов билдирди.

13-мартта “Улуттар биримдигинен” шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлер маалымат жыйын өткөрүп, добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалабоону талап кылышкан. Алардын айтымында, 4-марттагы шайлоодо “Улуттар биримдиги” шайлоочулардын көпчүлүк добушун алгандыктан кеңештеги 45 депутаттык орундун 23үнө ээ болушу абзел. Мындан улам партия өкүлдөрү шайлоонун расмий жыйынтыгы чыкканда мандаттардын саны азайса, мөөнөтсүз нааразылык акциясына чыгаарын эскертүүдө. Буга чейин Оштогу аймактык шайлоо комиссиясы “Улуттар биримдиги” 21 депутаттык мандатка ээ болоорун билдирген. (EBM)

XS
SM
MD
LG