Оштун борбордук аянтында "Улуттар биримдиги" партиясы уюштурган митинг башталды. Анын катышуучулары 4-мартта өткөн шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоого жол берилбеши керектигин айтып жатышканын "Азаттыктын" кабарчысы маалымдайт. Митингдин уюштуруучуларынын айтымында, чогулгандардын саны беш жүздөй киши. Ал эми ошол жерде байкоо салып турган бейтарап адамдардын жана тартип коргоо органдарынын айтымында, митингге үч жүзгө чукул адам катышууда.
Митингчилердин билдиргенине караганда, "Улуттар биримдиги" партиясы шайлоодо 48,03 пайыз добуш алды жана шаардык кеңештеги 45 мандат ошого жараша бөлүштүрүлүшү керек. БШК Оштогу шайлоонун жыйынтыгын азырынча расмий жарыялай элек. Бирок Боршайкомдун расмий сайтындагы алдын ала маалымат боюнча, "Улуттар биримдиги" партиясы 43,46% добушка ээ болгон. (ErN/RK)