Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

Милиция кармап кеткен өспүрүмдөн дайын жок


Кыргызстандын Баш прокуратурасынын балдар укуктарын коргоо жаатында иштеген бөлүмү Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине карата кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу Баш прокуратуранын маалымат кызматы кабарлайт. Кылмыш иш аткезчилик жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу деген беренелер боюнча козголду.

20-февралда милиционерлер үч кишини кармап кеткени, алардын бирөө жашы жете элек өспүрүм экени айтылууда. Ошол эле күнү кармалгандардын экөө бошотулган, ал эми өспүрүм милиция бөлүгүндө калган. Азыр анын кайда экени белгисиз деп билдирет Баш прокуратура.

Бул окуя боюнча маалымат берген Ички иштер министрлигинин өкүлү Тилек Алибаев 6 жаштагы Осмон Алиев ажырашкан ата-энеси Элмира Алиева жана Рустам Сулеймановдун ортосундагы чырдын курмандыгы болуп жатканын, бала азыр энесинин жанында экенин 6-мартта журналисттерге айткан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG