Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:24

"Улуттар биримдиги": Үч жарым миңдей добушубуз жокко чыгарылууда


Оштун борбордук аянтында ушу тапта "Улуттар биримдиги" партиясы уюштурган митинг уланууда. Митингчилердин айтымында, БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган үч участокто аталган партия 90-100% колдоого ээ болгон.

"Ак-Тилек кичи районунда жана Жапалак айылында жайгашкан үч шайлоо участогунда биздин партия 3 675 добуш алган. Бирок дал ушул участоктордун жыйынтыгын БШК жокко чыгарып жатат, андыктан ал жерлерде шайлоо кайра өткөрүлсүн деген талап коюп жатабыз", - деди "Улуттар биримдигинин" төрагасы Таалайбек Сабиров.

БШКдан "Азаттыкка" маалымдашкандай, Оштогу шайлоонун жыйынтыгы чыкты. "Улуттар биримдиги" партиясы 23 эмес, 21 мандат алды. Буга макул болбогон тарап өз далилдерин келтирсе болоорун БШК мүчөсү Рашид Бекбасаров айтты.

Ош шаардык кеңешинде 45 депутаттык орун бар. Бүгүн Оштогу митингге 1,5-2 миң киши катышып жатканы айтылууда. (ErN/RK)

XS
SM
MD
LG