Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Обама Кандагардагы кан төгүүнү жакшылап тергөөнү тапшырды


АКШ президенти Барак Обама америкалык аскердин жайкын оогандарды атып кетишин ар тараптан иликтөө үчүн “бар аракет жүмшоо” тапшырмасын берди. 11-мартта Кандагардагы айылдардын биринде АКШлык жоокердин огунан 16 киши набыт кеткен. Кечээ Ак Үйдө сүйлөгөн Обама ал кан төгүү Американын баалулуктарын чагылдырбайт же АКШ армиясына мүнөздүү окуя болуп саналбайт, айыптуу адам мыйзам чегинде жазасын алат деди.

Президент бул абдан кайгылуу окуя болгону менен, АКШнын Ооганстандагы контингентин 2014-жылга чейин кармап туруу планына таасир этпейт деп буга чейин билдирген.

XS
SM
MD
LG