Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:53

Оштогу митинг аяктады


Ошто "Улуттар биримдиги" партиясы уюштурган митинг тарады. Кабарчыбыздын билдиргенине караганда, митингчилер талаптары эртеңкиге чейин аткарылбаса, кайрадан чыкмай болушту.

"Улуттар биримдиги" партиясы 4-мартта өткөн шаар кеңешин шайлоого катышып, көпчүлүк добушка ээ болгон. БШК үч участок боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Жыйынтыгында, аталган партияга 45 мандаттын 21и тийди. Бирок "Улуттар биримдигинин" өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыгы бурмаланып жатканын, аларга 23 мандат тийиши керектигин айтып жатышат. Алардын негизги талабы - жыйынтыгы жараксыз делген үч участокто кайрадан шайлоо өткөрүү.

Бир катар булактардын маалыматы боюнча, бүгүнкү митингге 1,5-2 миң киши катышты. (ErN/RK)

XS
SM
MD
LG