Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:42

Сирияда Асаддын каршылаштары кыйноого алынууда


Бул тууралуу Эл аралык Мунапыс уюму билдирүүдө. Бул уюмдун ырастоосунда, президент Башар Асаддын режимине каршы козголоңдор учурунда камалгандар режимдин күчтөрү тарабынан такай кыйноого кабылууда жана бул көрүнүштү адамзатка каршы кылмыш катары баалоого болот. Эл аралык Мунапыс жаңы баяндамасында белгилегендей, Сириядагы кырдаал Эл аралык Кылмыш сотунун кароосуна берилиши керек.

Уюмдун баяндамасы Сириянын өкмөттүк күчтөрү өлкөнүн түндүгүндөгү Идлиб провинциясында чабуулдарын күчөткөн учурда жарык көрдү. Оппозиция активисттеринин ырастоосунда, аскерлер Идлибде ондогон адамдын өмүрүн кыйган. Куралдуу козголоңчулар болсо тескерисинче буктурмадан 22 жоокерди мерт кылганын айтышууда. Бирок бул ырастоолорду көз карандысыз булактар аркылуу тактоо мүмкүн эмес.

Улуттар уюмунун эсебинде, акыркы бир жылдан берки кагылыштардан Сирияда 8000дей кишинин өмүрү кыйылды, 230 миңдей сириялык үй-жайын таштоого аргасыз болду. (UE)

XS
SM
MD
LG