Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:00

Ахмединежад Иран парламентинде жооп берет


Иран президенти Махмуд Ахмадинежад бүгүн парламент депутаттарынын суроолоруна жооп берет. Ирандын маалымат каражаттары жазып чыккандай, президент депутаттардын 10 суроосуна жооп берүү үчүн бир саат убакыт бөлөт. Депутаттар өкмөттүн экономикалык саясаты, кадрдык дайындоодогу чечимдер жана башка суроолорду бериши мүмкүн. 1979-жылы Ислам республикасы түзүлгөндөн бери биринчи жолу президенттин парламентке чакырылышы – Ирандын руханий лидери аятоллa Али Хаменеи менен Ахмединежаддын жаатташуусуна байланыштуу экенини айтылууда.

XS
SM
MD
LG