Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:00

АКШ менен Британия жогорку деңгээлде сүйлөшүү өткөрүүдө


Барак Обама менен Дэвид Камерон Ак үйдөгү жолугушуу учурунда. 14-март.
Барак Обама менен Дэвид Камерон Ак үйдөгү жолугушуу учурунда. 14-март.
АКШ президенти Барак Обама Ак үйдө бүгүн британ премьер-министри Дэвид Камеронду он тогуз ирет салют аттыруу менен тосуп алды.

Вашингтонго мамлекеттик визит менен барган Камерон Ак үйдөгү салтанат учурундагы кыска сөзүндө АКШ жана Британия “эркиндик жана ишкерлик үчүн бириккенин” белгиледи. Барак Обама болсо АКШ менен Британиянын альянсын “абдан зарыл” жана дүйнөдөгү мындай биримдиктердин “эң улугу” деп атады.

Эки лидер сүйлөшүүлөрдө маселелердин кеңири чөйрөсүн, анын ичинде Сириядагы кризисти, Иран менен өзөктүк программадан улам чыккан тирешти, Ооганстандагы коопсуздук кырдаалын талкуулоосу белгиленген.

Британ өкмөт башчысынын жана анын жубайынын урматына бүгүн кечинде Ак үйдө мамлекеттик сый тамак берилет. (UE)

XS
SM
MD
LG