Европарламенттин депутаттары бүгүнкү отурумунда Орусиядагы президенттик шайлоо боюнча резолюцияны бекиткени жатат. Документтин долбоорунда айтылгандай, Европарламент ЕККУнун байкоочулары чыгарган чечим боюнча бүгүн бир жыйынтыкка келишет. Байкоочулар президенттик шайлоонун жүрүшүндө бир катар мыйзам бузууларга жол берилгенин айтып чыгышкан болчу. Ошондой эле резолюциянын долбоорунда Орус бийлигин саясий реформа боюнча айтылган убадаларды аткарууга жана оппозиция менен конструктивдүү диалогго барууга чакырыктар камтылган.