Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:41

16 туругунду атып салган АКШ аскери Ооганстандан чыгарылды


11-март күнү Ооганстандын Кандагар провинсиясынын 16 жайкын тургунун атып салган америкалык сержант Ооганстандан сыртка чыгарылды. Бул тууралуу кечээ Пентагондун өкүлү маалымдады. Анын айтымында, айыпталуучунун ишин карап жаткан аскердик соттун көрсөтмөсү менен сержант башка абакка которулду. АКШ менен Ооганстандын келишимине ылайык, ал аймактагы америкалык аскерлер АКШнын аскердик сотунда гана жоопко тартылат. Бирок ооган парламенти жана коомчулугу карапайым тургундарды атып салган сержантты Ооганстанда сот жообуна тартууну талап кылып жатышат. АКШнын коргоо министри Леон Панетта сержанттын күнөөсү толук аныкталса ал өлүм жазасына тартылышы мүмкүн экендигин айткан.

XS
SM
MD
LG