Бүгүн Бишкекте ыктыярчылар кыймылын өнүктүрүү жана аларды табыгый кырсыктардын кесепетин жоюуга тартуу маселелери боюнча жыйын өтөт. Иш-чарага Бириккен Улуттар Уюмунун тиешелүү программаларынын өкүлдөрү катышып, “Биргелешип аракеттенели” аттуу долбоордун бет ачары болот. Бул тууралуу Жаштар, эмгек жана калкты жумуш менен камсыз кылуу министрлигинен кабарланды. (EBM)