Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Психикалык сыркоолорго жардам үчүн бир миллион доллар бөлүндү


Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы психикалык сыркоолорго медициналык жардам кызматын жакшыртууга 1 миллион доллар бөлдү. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Бөлүнгөн акча негизинен Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына жумшалат. Себеби 2010-жылдагы кандуу окуядан кийин БУУнун адистери текшерүү жүргүзгөндө дал ушул аймак жардамга көбүрөөк муктаж экени аныкталган. Кыргызстанда психикалык сыркоолорго жардам берүү багытында иштеген алты мамлекеттик мекеме бар - Бишкектеги республикалык борбор, Ош жана Жалал-Абаддагы облустук борборлор, балдар ооруканасы жана Кызыл-Жардагы, Чым-Коргондогу ооруканалар. (RK)

XS
SM
MD
LG