Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Төрөбаев: Шадиевдин уу көмүр боюнча күнөөсү жок


"Мен бул иш менен тааныштым. Аскар Шадиевдин ал жерде эч кандай күнөөсү жок", - деп билдирди бүгүн парламенттин жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев ("Республика"). Депутат жыйынга катышып жаткан өкмөттүн өкүлү Динара Молдошевага кайрылып, Шадиевге тагылып жаткан айыптоолор негизсиз экенин, ал кайрадан ишин улантып, баштаган долбоорлорун аягына чыгарышы керектигин айтты. Бул талапты премьер-министр Өмүрбек Бабановго жеткирүүнү өтүндү.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү ар түрдүү маселелерди талкуулаган жыйынында энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиевди кылмыш жообуна тартуу канчалык негиздүү, мыйзамдуу экенин тактап, териштириш керек деген пикирлерин депутаттар Нурбек Мурашев ("Республика"), Абдырахман Маматалиев ("Ар-Намыс") жана Мыктыбек Абдылдаев ("Ата Журт") да айтышты.

Былтыр күздө Казакстандын Кулан кенинен Кыргызстанга ташылып келген көмүр радиациялуу экени аныкталган. Бажы жана темир жолдун төрт кызматкерине айып тагылды. Кечээ бул ишти карап жаткан сот тергөө учурунда одоно мыйзам бузуу болгону үчүн кылмыш ишин кайра тергөөгө жөнөттү.

Башкы прокуратура Шадиев Кылмыш кодексинин 304-беренесине ылайык, өз кызматын кыянат пайдаланган, анын кесепети жарандардын мыйзамдуу укуктарынын бузулушуна алып келген деп билдирүүдө. Ал эми Шадиев уу көмүр боюнча өкмөттүн жана өзүнүн күнөөсү жоктугун, келишим түзгөн казак компаниясы милдеттерди так сактабаганын айтып келатат. 14-мартта премьер-министр Өмүрбек Бабанов Аскарбек Шадиевдин арызын канааттандыруу менен Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иш тергелип жаткан учурда аны кызматынан убактылуу четтетти. (RK)

XS
SM
MD
LG